Биз менен байланышыңыз

Путин Карабахта көз жумгандар менен качкындардын санын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2020 | 589 | 0

Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабах үчүн болгон салгылашууларында 4 миңден ашуун карапайым жаран көз жумду. Ал эми  качкындардын саны он миңге чукул. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Тоолуу Карабахтагы гуманитардык маселелерди жөнгө салуу боюнча жыйында билдирди.

«Согуштун натыйжасында жарандар арасындагы жоготуулардын саны 4000ден ашты, 8000ден ашуун адам жаракат алды, качкындардын саны он миңдеп саналат, жарандык инфраструктура жана көптөгөн маданий жайлар талкаланган», — деди Путин.

Орусиянын лидери жаңжалда курман болгондорго гуманитардык жардам көрсөтүү жана алардын тынч жашоого кайтып келүүсүнө жардам берүү зарылдыгын белгиледи.

Ушул максатта Путин Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Тоолуу Карабахтын гуманитардык көйгөйлөрүн чечүүдө ЕККУнун Минск тобу, Эл аралык Кызыл чырым комитети, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси жана ЮНЕСКО менен байланыш түзүүнү тапшырды.

Путин чыр-чатак Азербайжан, Армения жана Орусия лидерлеринин үч тараптуу билдирүүсү менен чечилгенин белгиледи.

Ошондой эле ал «Тоолуу Карабах жаңжалы» деген сөз айкашы мындан ары колдонулбайт деген үмүтүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM