Биз менен байланышыңыз

«Тоолуу Карабах маселесинде утуш Орусия тарапта»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2020 | 742 | 0

Жеңиштин авторлору көп болот. Ошондуктан Тоолуу Карабах маселесинде Түркия болобу, Азербайжан болобу, Орусия болобу, жеңиштин «төшөнчүсүн» өзүнө тартат. Мындай пикирин саясат таануучу Алмаз Тажыбай «Маралга» берген маегинде билдирдин.

Анын айтымында, Азербайжан мурда өзүнүн жерин алдырып койгон. Эми күч топтоп, аймагын кайра алуу үчүн Орусияга муктаж болуп, Орусия мурдагы СССР мамлекеттеринин баарына бирдей карайт деген ойдо болгон.

«Бирок булар керек болсо, ОДКБга да, ЕАЭБге да мүчө болуп кирген жок. Азербайжан түрк элдери менен мамиле түзүп, аскерлерин күчтөп кетти. Армения өкмөтүнүн башчысы Никол Пашинян бийликке келип, Батышка багыт алуусу орус лидери Владимир Путинге жакпай калды. Мындан улам Орусия операция башталганда эле баарын билген, бирок унчукпай койгон. Тоолуу Карабах маселесинде утуш Орусия тарапта», — деди Тажыбай.

Эске салсак, Армения, Азербайжан жана Орусиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирди. Келишимге ылайык, Тоолуу Карабахка орусиялык тынчтык орнотуучулар барат. Ал эми Армения менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү мурда ээлеп турган позициясында калышат.

Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылат. Ошондой эле Армения 15-ноябрга чейин Азербайжанга Калбажар районун, 1-декабрга чейин Лачин районун өткөрүп берет. Бирок туурасы 5 чакырым болгон Лачин коридорун өзүнө калтырат.

Тоолуу Карабахтын жана Лачин коридорунун чет жакаларында 90 сооттолгон транспортер, 380 атайын техника менен Орусиянын эки миңге чукул «тынчтык орнотуучулары» жайгашат. Алар ал жакта беш жыл бою кызмат өтөп, зарыл болгон учурда бул мөөнөт узартылат.

Copyright © 2017 Maral FM