Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоодон кийин саясий абал кайсы нукка өзгөрөт?

Саясат | 17 Ноя 2021 | 1148 | 0

Бүгүн бир катар саясий серепчилердин катышуусунда «Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки саясий талаа» аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Анда үгүт учурунда жүрүп жаткан күрөш, тобокелчиликтер жана алдыда боло турган жагдайлар талкууланды. Ошондой эле шайлоону таза өткөрүүдөгү бийликтин эрки жана өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн шайлоого түздөн-түз таасири ортого салынды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Бул шайлоону таза өткөрүү азыркы бийликтин алдында турган эң чоң сыноо катары бааланууда. Анткени, бийликти алмаштырган «октябрь окуясы» парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылыктан келип чыккан. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кыргызстанда таза шайлоо өтөрүн дүйнө жүзүнө далилдөөгө убада берген.

Саясат таануучу Эмил Жороев алдыдагы шайлоо жаңы система менен өтүп жаткандыктан тобокелчиликтер жана кооптонуулар көп деп эсептейт.

Анын айтымында, шайлоо таза өтүшү үчүн алдыдагы эки жумада укук коргоо органдары жана шайлоо институттары мыйзам бузуучуларга карата кынтыксыз иш алып барып, сатып алууларга бөгөт коюшу шарт.

«Тобокелчик да, кооптонуу да көп, анткени жаңы система бар. Ал — аралаш система, бир мандаттуу округдар менен партиялар, партиянын ичинде преференциалдык добуш берүү ыкмасы, мунун баары буга чейин көрүнбөгөн белгисиз, бейтааныш бир системаны алып келип, түшүнбөстүк көбүрөөк болот. Ошону түшүндүрүү керек. Андан тышкары жеңилип калгандар үчүн да шайлоонун жыйынтыгын кабыл алууга даярдыгын бекемдөө керек. Партиялар ичинде, талапкерлер арасында, өзгөчө бир мандаттуу округдун талапкерлери арасында шайлоонун жыйынтыктарын кабыл албоо орун алышы мүмкүн. Айрыкча алган добуштары бир аз суммада гана айырмаланган талапкерлердин жыйынтыктары талаш-тартыш жаратып, ал добуштардын кантип алынганын автоматтык система же шайлоо бюллетендери көрсөтүп турганына карабай, нааразычылык жана каршылык жаралышы толук ыктымал». 

Серепчилер белгилегендей, өлкөдө экономикалык жана саясий кризис өкүм сүрүп келет. Жакшы жагы эгерде парламенттик шайлоо ачык, таза өтсө, ушуну менен алдыдагы 5 жыл ичинде өлкөдө шайлоо болбой, бийлик бутактары толукталат.

Экономист Нургүл Акимова бүгүнкү күндө шайлоочулар партиялардын жана талапкерлердин программасына эмес, «жакырчылыкты жеңүүнүн жолун көрсөткөнүнө» добуш берет деп эсептейт. Анткени өлкөдөгү эң негизги көйгөй: баалардын өсүүсү жана жакырлардын көбөйүүсү.

«Бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң негизги көйгөй катары экономикалык коопсуздук турат. Мен жөнөкөй кыргызстандык биринчи кезекте экономикалык абалга карайт деп ойлойм. Ошондой эле добуш сатып алуу деле болот деп ойлойм. Анткени түз болбосо деле, өзү ат салышып жаткан аймакка бала бакча куруп бердиби, трансформатор орнотуп бердиби, ошол сыяктуу кадамдар биринчи орунга чыгышы ыктымал».

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө партиялар программасын түшүндүрүүгө эмес, көбүнчө ар бир талапкер жеке өзүн таанытууга аракеттенип жатканы байкалууда. Ошондой эле үгүт иштеринин жүрүшүндө добуш сатып алууга байланышкан 100дөн ашык мыйзам бузуу фактысы катталды. Бирок мыйзам боюнча депутаттар мыйзам чыгаруу жана мыйзамдардын иштөөсүн көзөмөлдөө гана укугуна ээ.

Кыргызстанда экономикалык көрсөткүчтөр төмөн болуп, жакырчылык жогору болгондуктан шайлоочулар талапкерлердин программасына эмес, негизги социалдык маселесин чечип берүүчүлөргө көбүрөөк добуш берет. Анткени өлкөдөгү саясий талап жана саясий маданият ушундай калыптанган. Мындай пикирин серепчи Эдил Осмонбетов билдирди.

«Кедей жашоодо эл негизги экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө кызыкдар болушат. Ошондуктан партиялар идеясын айтып коюшат, бирок аны инструмент катары пайдаланышпайт. Анткени анын кереги жок. Айылга барып, «мен бул жолду куруп берем, көмүр алып берем, статусту көтөрөм же каражат жагынан жардам берем» деп айтышы керек. Ошондо маселе чечилет. Бизде саясий талап, саясий маданият ушундай, 30 жылдан бери ал өзгөрө элек. Шайлоочулардын социалдык абалы жакшырып, саясий маданият көтөрүлгөндөн кийин «сенин акчаңдын кереги жок, мен өзүм чечем, идеяңды айт» деп калышат. Ошого акырындык менен кадам таштап жатабыз. Экономикалык абал оор болгондуктан калк саясатка анча кийлигишпейт. Саясий маданият калыптанышы үчүн убакыт керек».

Буга чейинки шайлоолордо кайсы партиялар жана партиянын ичиндеги кайсы талапкерлер өтө турганы белгилүү болуп, көшөгө аркасында чечилип келсе, бул жолку шайлоонун жыйынтыктары жана кайсы талапкерлердин парламентке келиши белгисиз болгону айтылууда. Бирок ошол эле учурда эксперттер эч качан шайлоолор идеалдуу болгон эмес жана болбойт деп эсептешет.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын баамында, шайлоодон кийин кандай окуялар күтүлүп жатканы белгисиз. Эгерде бийлик эл менен жакын иштеп, маселелерин чечсе, анда ишеним пайда болот. Эгерде арасында асман менен жердей ажырым болсо, анда төртүнчү ыңкылапка ооп кетиши мүмкүн.

«Шайлоодон кийин мамлекеттик бийлик институттары чын эле элдин бийлиги болушу керек, элден ажырабай ал үчүн көп маселелерди чечиши керек. Мисалы, биринчи эле жемкорлукту чечүү керек. Тейлөө кызматтарындагы бюрократияны жоюу керек. Ошол эле пенсия, социалдык жардам, жөлөк пул акыйкат жана натыйжалуу болушу шарт. Эгерде өкмөт ошону чечсе, анда эл ишенип, бекем байланыш түзүлөт. Эгерде арасында асман менен жердей ажырым болсо, анда хан жакшы болуп, вазирлер жаман болуп, андан кийин төртүнчү ыңкылапка ооп кетиши мүмкүн. Менимче, азыркы бийлик ага барбайт. Президент Садыр Жапаров элдин ишенимин алгандан кийин элге жакшылап иштеп бериши керек».

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы бир канча жолку кайрылуусунда мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотуу убадасын берип, добушун саткандар да, сатып алгандар да жоопко тартыларын эскертип келет.

Copyright © 2017 Maral FM