Биз менен байланышыңыз

«2021-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Янв 2021 | 911 | 0

Кыргызстан көп тараптуу саясат жүргүзүшү керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экономиканы өстүрүү үчүн каражат керек. Ал эми инвестициялардын келишине шарт түзүү кажет. Бул багытта көп тараптуу өнүгүүдө Батыш ири каржылык колдоо көрсөтөт.

2021-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болот. Анткени жаңы бийлик бир катар реформаларды ишке ашырып, элге берген убадаларын аткаруусу зарыл. Андыктан бул жыл саясий окуяларга бай болот. Мындан сырткары АКШ Орусияны душман катары көрөт. Бул Орусия менен жакшы ымалада болгон мамлекеттерге да көлөкөсүн тийгизет.

Кыргызстан президенттик шайлоодон сон, укук талаасына кирди. Эми парламенттик шайлоо өтсө, өлкө толугу менен укуктук талаага келет.

Тажыбай 2021-жыл дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө жылы болорун да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM