Биз менен байланышыңыз

«КР Түрк кеңешин ЕАЭБге альтернатива катары алып жүрүшү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Апр 2021 | 1734 | 0

Кыргызстан Түрк кеңешин ЕАЭБге альтернатива катары алып жүрүшү керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын баамында, Түрк кеңешинин курамындагы мамлекеттер бири-бирине тең ата мамиле кылышат. Түрк дүйнөсү бири-бирине жардам берип, экономикалык маселелерди чечүүгө, транспорттук магистралдарды курууга көмөк көрсөтөт. Түрк кеңеши курамындагы өлкөлөрдүн баарынын кызыкчылыгын камсыз кылууда.

Мындан сырткары түрк дүйнөсүнөн чыккан ойчул, таанымал адамдарды коомчулукка алып чыгуу Түрк кеңешиндеги мамлекеттердин маданий алакасын чыңдайт. Анткени биримдиктердин (мисалы, Евробиримдик) баары баалуулуктардын негизинде биригет.

Copyright © 2017 Maral FM