Биз менен байланышыңыз

Элдин сынына кабылган элчилердин этикасы

Саясат | 18 Ноя 2019 | 1508 | 0

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердигин изилдөө үчүн түзүлгөн комиссия өз ишин улантып жатат. Анда жалданма киши өлтүргүчтүн  колунан мерт кеткен ишкер Айеркен Саймаитинин Сопоковдун унаасы менен жүргөндүгү иликтенип, коомчулукта ар кандай ойлордун пайда болушуна жем таштап, бүгүнкү күнгө чейин ар түрдүү пикирлердин учугу үзүлбөй келет. Ушундан улам, элчилерди кандай негизде тандап, шайлашат? Алардын жүрүм-туруму, кетирген каталары каралабы деген сыяктуу суроолор да коомчулукта пайда болбой койбойт экен.

Бүгүнкү күндө жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, ал колдонгон унаа мурдагы Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени талкууга түшүп, коомчулукта түрдүү кептер айтылып жатат. Алардын катарында мурдагы депутат жана «ҮМҮТ-2020» элдик кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова өзүнүн «Ютуб» каналына Сопоков менен Саймаитинин мамилеси жана анын байланыштары боюнча социалдык баракчалар аркылуу жасаган иликтөөсүн жарыялады.

-Стамбулга жөнөгөн жумушчу топ чындыктын изин жашырууга эмес, коомчулукка чындыктын жүзүн ачып берүү үчүн барды деп үмүт кылабыз. Айеркен Саймаити өлтүрүлөр алдында ким менен отурган? Мурдагы башкы консул Эркин Сопоков ошол учурда кайда болгон жана Айеркен Саймаитинин «Фейсбуктагы»​ баракчасындагы досторунун арасынан айрым депутаттарды, алардын балдарын, коомдук ишмерлерди, спортчуларды таптык. Алар өлтүрүлгөн Саймаити менен кандай байланышта болгону тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылабыз жана бул материалдар иликтөөгө жардам бере алабы? Бир жылдан бери издөөдө жүргөн Саймаити 2018-жылдын март айында Бишкекте жасалма номурлуу машине менен видео жарыялап жатат, анда эмнеге кармалган эмес?

Ширин Айтматова Саймаити менен Сопоковдун кандай байланышы бар экендигин айтты (видео)

Угарман бул окуядан соң, коомчулукта мурунку элчилердин кылган кылык-жоругун, жасаган иш-аракеттерин эстеп, сынга ала баштады. Мындан улам биз, негизи, консулдар, дипломаттар кандай негизде тандалат? Алардын жүрүм-турумдары, деги эле элчи кандай болуш керек деген суроолорго жооп издедик. Саясий жана коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов башка мамлекетке элчини дайындап жатканда анын биографиясы кылдат каралышы керек деген ойдо. Себеби дайындалгандан кийин анын мурда кетирген каталарын убакыт өткөндөн соң айтуунун эч кажети жок деп эсептейт:

— Дипломатия — эл аралык мамиле. Ушундан улам, буга Өкмөт башчы, Президент, Тышкы иштер министрлиги жана башка бир топ мамлекеттик органдардын тиешеси бар. Мамлекеттик кызмат соодалашуу мамилесине өтүп жаткан жерде да көп маселе бар. Экинчи жагынан, протоколдор орой бузулат. Протокол терроризмден да күчтүү, жазылган нерсе убагында бүтүшү керек. Элчилер чет өлкөдө жүргөн жарандардын укугун коргоо, өлкөлөр ортосунда дипломатиялык кызматташууну камсыз кылышы зарыл.

Тышкы иштер министрлигинде кадрлар кандай негизде тандалып жатканын эч ким билбейт. Бул жагынан ТИМге ачыктык керек дейт саясат талдоочу Алмаз Акматалиев. Ошондой эле, аталган министрликте кадр саясаты, кызматкерлерди тандоо, алмаштыруу, бошотуу системасы жабык бойдон калып жатканын айтып, нааразы болду. Аны менен катар мамлекетик кызматтан кеткендердин элчи болуп дайындалуусу дүйнөлүк тажрыйбага мүнөздүү көрүшүн экенин айтып, министр, өкмөт башчы болуп жүргөн адам элчи болуп барса, ал аркылуу мамлекетке сый-урмат көрсөтүлөрүн белгиледи:

-Элчилерди мамлекеттер менен болгон мамиленин тарыхына жараша тандоо зарыл. Дипломатия — тил билүү эмес. Элчи геосаясатты, президенттин саясатын түшүнүшү керек. Күчтүү дипломат салкын мамилени оңдоп коюшу мүмкүн. Ал эми солгундап кеткен мамилени күчтүү дипломат да калыбына келтире албашы ыктымал. Бул жерде менеджменттин мыйзамдары иштеши керек.

Кыргызстандын Казакстандагы тунгуч элчиси Тилектеш Ишемкулов бүгүнкү күндө элчини дайындоодо көп критерийлерге көз жуумп коюп жатканын эске салды. Ал дипломат кеминде эки тилде эркин сүйлөгөн, бул багыт боюнча билим алган жана элчи болгонго чейинки кызмат орду да каралыш керек дейт. 60 жаштан ашкан элчилерди кызматтан алып, ордуна чет мамлекеттен окуп келген, максаттуу кадрларды дайындаганда гана өсүш байкаларынан күмөнү жок:

-Жоопкерчиликтүү, олуттуу жана өлкөнүн жүзү болгон кызматка туш келди эле адамды шайлай берүү туура эмес. Бүгүнкү күндө ушундай таризде элчилерди, консулдарды дайындай берип, жыйынтыгын жалпы коомчулук көрүп жатат. Ошондой эле, ал жакка дайындалган элчилер жоопкерчиликти сезиш керек. Алар жеке өз аты менен жүргөн жок да. Мамлекеттин жүзүн, атын алып жүрүшөт. Дагы бир нерсени баса белгилеп кетиш керек, билимсиз же ошол багытта билим албаган адамдар да элчи болуп жүрөт. Бул туура эмес. Аты же жыты жок жүрүп эле бир күнү жарк этип бир мамлекеттин дипломаты болуп чыга келет. Ал мурун кайсы жакта иштеген? Кандай ийгиликтерди жасаган? Эл да, биз да билбей эле калабыз. Бир күнү жаман окуя же ушул сыяктуу маселе чыкканда анын да катылган сюрпиздери чыга баштайт. Элчи бир мамлектке 3 эле жылга шайланышы керек. Бирок мыйзамдын бизде күчү жок. Ал адам 2-3 жолу катары менен кызматынан кетпей жүрө берет же башка мамлекетке дипломат болуп дайындалып кетет. Бул туура эмес.

Ал арада саясат тануучу Алмаз Тажыбай коомчулук бийликке чиновниктер өз адамдарын алып келип койгонун көнүмүш адат катары кабыл алып калды дейт. Бирок элчини шайлоодо эч кандай туугандык же тааныш-билиштик системасына жол бербеш керектигин айтат. Ушул сыяктуу кадамдардын айынан учурдагы ызы-чуу, башка өлкөлөргө уят болуп, мамлекеттин жүзү булганып жатканы да ушунун кесепетинен дейт:

-28 жылдан бери Кыргызстанда бир эле көйгөй бар. Ал — кадр саясаты. Бул маселеге чекит коюп же кандайдыр бир чара көрө албай жатабыз. Бул албетте, өтө өкүнүчтүү. Ошондой эле, бийликте эң жакшысын тандап алуу деген түшүнүк такыр жок. Тескерисинче, ал адам бийлик үчүн бир нерсе кылып, шайлоодо ошолор  үчүн жанын үрөп иштеп берсе эле, ал адам такка отурары менен ошол чуркаган адам жөн калбайт да. Сөзсүз барып бир жерге чоң болуп отуруп калат. Мына биздин эң биринчи катабыз ушул. Анан каяктан кадр тандоо саясаты жакшырсын. Мындай кадамдар мейли, бийликке ташталсын, ага коом көнүп деле калды. Бирок, мунун дипломатияга эч кандай кереги жок, аралашпашы да керек. Анткени ал адам чет өлкөдө бүтүндөй кыргыз элинин жүзү болот да.

Эскерте кетсек, Кытай жараны Айеркен Саймаити 12-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Саймаитинин өлүмү, анын дипломатиялык номурдагы унаа менен жүрүшү, ал унаа Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу болгон Эркин Сопоковго тийиштүү экени бүдөмүк ойлорду жаратып, бүгүнкү күнгө чейин калк арасында кызуу талкуу жаратып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM