Биз менен байланышыңыз

Азербайжан армяндардын бир канча согуштук куралын жок кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 637 | 0

Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын согушу Агдере-Агдам, Физули-Хадрут-Жебраил жана Губадлы-Зангелан аймактарында уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Азербайжан Коргоо министрлиги билдиргенин «РБК-Украина» маалымат агенттиги жазды.

Алардын маалыматына караганда, армян тараптын эки Т-72 танкасы, төрт BM-21 Grad төрт ракета системасы, бир D-30 гаубица-мылтыгы жана беш унаасы жок кылынган.

Армян армиясы Азербайжан тараптын кол салганын тастыктады. Алардын айтымында, Тоолуу Карабахта кырдаал дале курч, ар тараптан айыгышкан салгылаш жүрүп жатат.

Эске салсак, БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү жабык жыйында Тоолуу Карабахта ок атышпоо режимин көзөмөлдөө зарылдыгын талкуулашкан.

Copyright © 2017 Maral FM