Биз менен байланышыңыз

Баку менен Ереван Карабахта ок атышпоо келишимин түзүштү

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 670 | 0

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахта 10-октябрда саат 12:00дө согушту токтотууга макулдашышты. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Москвада Азербайжан менен Армениянын Тышкы иштер министрлери Жайхун Байрамов менен Зограб Мнацаканян ок атышпоо келишимине кол коюшту.

Алардын жолугушуусу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ортомчулугу менен жабык эшик артында өтүп, он сааттан ашык убакытка созулду. Жолугушуу ишемби күнү кечинде аяктады.

«Тараптар төмөнкү кадамдар боюнча макулдашышты:

1) Туткундарды жана курман болгондордун сөөктөрүн алмаштыруу, саат 12:00дө ок атышууну токтотуу;

2) Ок атууну токтотуунун айкын жол-жобосу кошумча макулдашылсын;

3) Эки өлкө ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагалары аркылуу тынчтык келишимине тезирээк жетишүү үчүн келишимдин негизги принциптеринин негизинде сүйлөшүүлөрдү баштасын;

Тараптар сүйлөшүү процессинин формасы өзгөрбөй тургандыгын тастыкташты», — деп айтылат Сергей Лавров тарабынан үч тараптуу кеңешменин жыйынтыгы боюнча окулган билдирүүдө.

Тоолуу Карабахта согуш 27-сентябрда башталган. Азербайжан жана Армения аскерлеринин ортосунда салгылашуу фронттун бир нече бөлүгүндө жүрүп жатат. Пилотсуз учактар, артиллерия, оор техникалар жана ракета тутумдары колдонулууда. Фронттун эки тарабындагы карапайым элге да ок атылып, ондогон адамдар курман болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM