Connect with us

Орусия-Украина мамилеси: Тарыхы жана бүгүнү

Блог , Дүйнө | 17 Апр 2021 | 1911 | 0

Орусия менен Украинанын мамилелери акыркы жумаларда начарлап кетти. Эки өлкөнүн расмий адамдары ар кандай билдирүүлөрдү жасашууда. Чындыгында боордош, тектеш эки өлкөнүн мамилеси эмне үчүн ушунчалык татаал деген суроо жаралат?

Тарыхы, тамыры бир славян мамлекеттери

Тарыхка көз чаптырсак, Украина чындыгында, Орусиянын мекени болгон. Дал ушул аймактан биринчи орус мамлекеттүүлүгү түптөлүп, славян элинин христиан дининин православ агымына өтүүсү башталган. Кийинчерээк, аймактардын кеңейишинин жана каратып алуу, басып алуулардын натыйжасында, тамыры бир, бирок тагдыры бөлөк эки эл түзүлгөн.

Чыгыш Европадагы монгол жортуулдары эки мамлекеттин түзүлүшүнө маанилүү фактор болгон. Дал ушул монгол-татар жүрүштөрүнөн кийин маданияты, тарыхы жалпы аймактарда эки башка идеология, эки башка маданият калыптана баштаган. Орустар монгол жана түрк элинин басып кирүүсүнөн кийин православ маданиятынын негизинде түзүлгөн. Бул процесс Украинада бир аз башкача болчу. Киев жана бир катар шаарлар Улуу Литва княздыгынын карамагына өткөн. Кийинки мезгилдерде Польша, Швеция жана Австриянын таасири менен Украина мамлекети католик жана православ маданиятынын таасири астында түзүлдү.

Дал ушул факторлор тамыры бир болгон эки славян мамлекетинин пайда болушуна түрткү берген. Украинанын эки цивилизациянын кесилишиндеги географиялык жайгашуусу (т.а. Батыш Украина католик цивилизациясына, Чыгыш Украина православдык маданиятка баш ийген) өлкөнүн экиге бөлүнүп кетишине алып келип, Орусия дайыма Чыгыш Украинаны талап кылды.

СССР кулагандан кийинки мамилелер

СССРдеги экономикалык жана саясий карама-каршылыктардын натыйжасында, Украина да 1991-жылдын 24-августунда эгемендигин жарыялаган. Орусия менен дипломатиялык мамилелер 1992-жылы 14-февралда түзүлүп, эки мамлекетте тең элчиликтер жана консулдуктар ачылган. 1997-жылы эки президент Борис Ельцин менен Леонид Кучма Достук жана стратегиялык кызматташтык келишимине кол коюшкан. Ошондой эле Крым жарым аралы жана Севастополь шаары боюнча келишимге кол коюлуп, ага ылайык Москва Крымды жана Севастополду Украинанын аймагы деп тааныган. Анткен менен орус коому аны кабыл ала албай келет.

Эгемендиктен кийинки жылдардагы Орусиядагы экономикалык токтоп калуу Украинадагы «мээлүүн климаттын» өзгөрүшүнө, Батыш өлкөлөрү менен кызматташууну өркүндөтүүсүнө түрткү берди. Кылымдын алгачкы жылдарында бул өлкөдө көптөгөн батышчыл уюмдардын агымы көбөйгөн. 2004-жылдагы Саргылтым ыңкылаптан кийин батышчыл күчтөрдүн бийликке келиши орус-украин мамилелеринде олуттуу чыңалуунун мезгили болду.

Дал ошондон тарта Орусия менен болгон кагылыш — газ маселеси сыяктуу жаңы барак ачылган. Буга чейин Украинага газды арзандатылган баада берип келген Орусия бааны кескин көтөрүп жиберген. Ал эми Украина болсо оңой жолду издеп, өз аймагы аркылуу Европага өткөн түтүктөрдөн уруксат сурабай көгүлтүр от ала баштады. Натыйжада, Европанын көптөгөн жерлерине Орусиянын газ берүүсү токтотулуп, эл аралык жаңжалдын курчушуна алып келген. Узакка созулган талаш-тартыштардан кийин убактылуу келишимге келишкени менен, газдын баасы жана транзит боюнча талаш-тартыштар токтобой келет.

Крым кризиси

2014-жылдын февраль айына чейин Крым жарым аралы Крымдын автономиялуу республикасы катары Украинанын курамында болгон. Учурда бул аймак Крым федералдык округу катары Орусиянын карамагында. Бардыгы 2014-жылдын 22-февралында Украинанын Жогорку Радасы орусиячыл Виктор Януковичти президенттиктен кетирүүдөн башталды. Өз өмүрүнөн коркуп, ал дароо Орусияга кетип, Украинада бардык саясий процесстер мыйзамсыз болгонун, чыныгы президент өзү экенин жар салды. Кырдаалдан пайдаланып, Орусия Украинанын Убактылуу Өкмөтүн мыйзамсыз деп тааный турганын жарыялап, «Украинадагы кырдаал басаңдаганга чейин Крым жарым аралындагы орус калкын жана Орусияга таандык аскерий базаларды коргоо» шылтоосу менен аймакка орус аскерин киргизди.

Путиндин бул кадамын каршылаштары басып алуу, мыйзамсыз иш-аракет, эл аралык укукту одоно бузуу катары бааласа, тарапташтары: «Крым көптөн бери Орусиянын менчиги болуп келген, Украинага убактылуу берилген жана аннексия боюнча калктын макулдугу менен атайын референдум жүргүзүлдү», — дешет (Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, сурамжылоого катышкандардын 95,5 пайызы кошулууну колдогон).

Европа Биримдиги жана АКШ Украинага ар тараптуу колдоо көрсөтүп, Орусияга каршы санкцияларды киргизген жана киргизүүдө. Бирок Орусия жарым аралды кайтарып берүү үчүн эч кандай практикалык кадам жасаган жок. Тескерисинче, референдумдан кийин Орусия Өкмөтү өлкө ичинде эки жаңы субъект — Крым Республикасы жана федералдык маанидеги Симферополь шаарын түзүү чечимин кабыл алды. Бир нече жылдан бери бул аймак тынымсыз талаш-тартыштарды жаратып келет.

Маалымат үчүн, Крым жүздөгөн жылдар бою Осмон империясынын кол астында жашаган түрк тилдүү татарлардын мекени болгон. 1944-жылы Сталин этникалык мусулмандарды СССРге чыккынчылар деп атап, 200 миңге жакын татарды Сибирге жана Орто Азияга сүргүнгө айдап, жумушчу күчүн толуктоо үчүн этникалык орустарды жалдаган. Украинада чоңойгон Никита Хрущев бийликке келип, 1954-жылы Крым жарым аралын Украин ССРине кошкон.

Орусия үчүн Крым жарым аралы канчалык маанилүү?

Орусиянын Крымды аннексиялашы, мисалы, Балтика өлкөлөрүндөгү этникалык орустарды «бошотуу» үчүн аскерлерди жөнөтүүнүн келечектеги варианттарын баалоодо өтө маанилүү болгон. Натыйжада, Орусия Батыш бул боюнча эмне кыла аларын билип алды.

Крымды басып алуу НАТОнун Орусиянын батыш чек арасындагы кеңейүү коркунучун азайтат. Мындан тышкары жарым аралды басып алуу Орусиянын Советтер Союзунун мурунку аймактарын акырындык менен кайтарып алуу долбоорунун бир бөлүгү катары каралат. Путин кансыз согуш аяктагандан кийин Орусиянын аброю түшөт деп эч качан мойнуна алган эмес. Севастополь Орусиянын Кара деңиздеги аскер базалары үчүн да абдан маанилүү.

Бүгүнкү кырдаал. Эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү канчалык реалдуу?

Жикчилдер менен украин армиясынын ортосундагы кагылышуулар 2014-жылдан бери орус калкы жана орусиячыл жикчилдер басымдуулук кылган Донбасста (Донецк жана Луганск) эгемендик бир тараптуу жарыялангандан кийин уланууда. Ушул жылдын март айынын орто ченинде аталган аймактарда абал кайрадан начарлай баштады. Тактап айтканда, Украинанын Башкы штабынын башчысы Руслан Хомчак өз билдирүүсүндө Орусиянын орус-украин чек арасында, Крымда жана Донбасста орус армиясынын 28 батальону бар экенин, жакын арада Орусия дагы 25 батальон менен чек араны Крымга жөнөтүүнү пландап жатканын айтты. Бул Украинанын аскердик коопсуздугуна коркунуч келтирет. Ошондой эле ал Орусия Украинанын чек арасындагы Брянск жана Воронежге, ошондой эле Крымга аскерий машыгууларды жамынып алып, аскердик жүктөрдү жеткиргенин айтты.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул кадамга байланыштуу суроолорго төмөнкүдөй жооп берди:

«Орусия Федерациясы куралдуу күчтөрүн өз аймагында каалагандай жылдырууда. Бул эч кимди тынчсыздандырбашы керек, эч кимге коркунуч туудурбайт. Орусиянын чек араларында НАТО, башка альянстар, кээ бир өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү жана башка өлкөлөр активдүү иштеп жаткандыгын билесиз. Мунун бардыгы кыраакылыкты талап кылат», — деди ал.

Кырдаал курчуп кеткенден кийин НАТОнун Аскер комитетинин башчысы, башкы авиамаршал Стюарт Пич Киевге иш сапары менен келип, Львов шаарында генерал-полковник Руслан Хомчак менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Донбасстагы кырдаал жана аймактагы коопсуздук маселелери талкууланды.

Андан соң, Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушев Орусиянын Донбасстагы жаңжалга кийлигишүү планы жок экенин, бирок кырдаалга көз салып турганын эскертсе, Орусия Президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак Донбасстагы согуштук аракеттердин кайрадан жанданышы Украинанын кыйрашына алып келерин эскертти.

Көптөгөн өлкөлөр Орусиянын аскерий аракетин айыптап келет. Тактап айтканда, Германиянын канцлери Ангела Меркель Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украинанын чыгышындагы орус аскерлеринин күчтөнүшүн токтотууга чакырды. Ак үйдүн басма сөз катчысы Женифер Псаки Вашингтон Украинанын чек арасындагы чыңалуунун күчөшүнө жооп берүүгө даярданып жатканын айтты. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда Анкара Крымдын Орусияга кошулушун тааныбайт деп билдирди.

Чоң жетинин (G-7) лидерлери жана европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелл Орусияны Украинанын чек арасындагы чагымчылыкты токтотууга чакырды. Ошондой эле АКШнын эки С-130J Hercules аскердик-транспорттук учагы жана британиялык Bae-146-200 транспорттук учагы Киевге конду деген маалымат тарады.

Андан кийин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров олуттуу билдирүү жасады.

«Менимче, сабак 2014-жылы чыгарылышы керек болчу. Тилекке каршы, али боло элек. Бул жакшылык менен бүтпөшү мүмкүн, анткени Киевдин учурдагы режими өз рейтингин калыбына келтирүү үчүн ойлонбостон иш-аракет кылышы мүмкүн. Орусия Федерациясы Украинанын чек арасында эмне кылып жатканы боюнча суроолор берилип жатат. Жооп абдан жөнөкөй: биз каалагандай жашайбыз, бул — биздин өлкө. Бирок «АКШ Украинадан кемелери жана аскер кызматкерлери менен өз аймагынан миңдеген чакырым алыстыкта ​​эмне кылып жатат?» деген суроо ачык бойдон калууда»,- деди Лавров.

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун жана Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу астында «аскерий аракеттерге даярмын» деп айтканы менен, эки тарап ачык аскердик аракеттерге барышы күмөн. Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы экономикалык жана саясий санкцияларды киргизиши мүмкүн, бирок Украинанын айынан Орусия сыяктуу өзөктүк мамлекет менен ачык кагылышуусу маанисиз.

Пандемия учурундагы оор кырдаалда Орусияга да жаңы аскерий аракеттердин кереги жок. Навальныйга байланыштуу соңку чыр-чатактан улам Батыш менен начарлап бараткан мамилесин күчөтүүнү каалабайт. Эгер жаңы согуш башталса, Орусия жалгыз болуп калышы мүмкүн. Бул жерде Орусия Өкмөтү үчүн потенциалдуу союздаш өлкө жок жана өлкөнүн экспортунун (айрыкча газдын) көпчүлүк бөлүгү Европа өлкөлөрүнүн базарларына байланган.

Анын үстүнө, күчтөр таптакыр бирдей эмес. Украинанын биринчи аскердик аракети Орусияга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Себеби украин аскерлерин оңой эле жеңип алуу аймакты мыйзамдуу жол менен басып алууга жол ачат. Мындай учурда мындан ары Орусияны күнөөлөөгө болбой калат. Эки тарап тең согуш чечим эмес экенин жакшы билет. Андан тышкары азыркы согуштар аймактык маселелерге чекит коё албайт.

Орусия Крымды Украинага кайтарып бере алабы? Азырынча орус аскерлери басып алган мурдагы советтик аймактардын бири да өз ээлерине кайтарылган жок. Муну Молдованын (Приднестровье аймагындагы орус аскерлеринин айынан өлкө бир нече жылдан бери бириге албай келе жатат), Грузия (Түштүк Осетия жана Абхазия), Азербайжан (Карабах) мисалдарынан көрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM