Биз менен байланышыңыз

Лукашенко менен Путиндин жолугушуусу кандай өттү?

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 573 | 0

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко шайлоодон кийин биринчи чет элдик сапарын жасады. Сочиде Орусиянын лидери Владимир Путин менен бетме-бет  жолугушту. Сүйлөшүүлөр 4 сааттан ашык убакытка созулду.

Беларусиянын мамлекеттик БелТА агенттиги билдиргендей, президенттер эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин, союздаштык мамилелерди, эл аралык маселелерди жана аймактагы кырдаалды, ошондой эле келип чыккан чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууну талкуулашты.

Жолугушуунун алдында Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков документтерге кол коюлбай тургандыгын жана пресс-конференция өткөрүлбөй тургандыгын билдирди.

Ошондой эле, ал: «Соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү ири биргелешкен долбоорлор, карыз маселелери, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жана КМШ алкагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүү эки лидердин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде адаттагыдай эле болот», — деп билдирген болчу.

Лукашенко өзү жолугушууда эки премьер-министрдин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн «калың чекит» коюларын айткан эле.

Эки президенттин жолугушуусунун алдында Лукашенконун августтагы шайлоодогу башкы атаандашы Светлана Тихановская билдирүү жасады.

«Мен Владимир Путинге Сочиде кандай гана иш-аракет болбосун, анын юридикалык күчү болбой тургандыгын эскертким келет. Мыйзамсыз президент Лукашенко кол койгон бардык келишимдерди жаңы өкмөт карап чыгат. Себеби Беларус эли Лукашенкого шайлоодо ишеним көрсөткөн эмес жана ага добуш берген эмес. Сиздин Беларус эли менен эмес, диктатор менен байланышууну чечкениңиз үчүн абдан өкүнөм» деген сөздөрүн Tut.by жазды.

Ушундай эле билдирүүнү Беларус оппозициясынын Координациялык кеңеши да жасап, анда кеңеш «Беларусия менен Орусиянын мамилесин начарлатууну» көздөбөй турганын баса белгиледи.

Путин менен Лукашенконун айткандары

Сүйлөшүүлөрдүн ачылышында эки тарап камералар алдында бир нече билдирүүлөрдү жасашты, андан кийин мамлекет башчылары жабык эшик артында «тет-а-тет» форматындагы сүйлөшүүлөрдү башташты.

  • Орусия Беларус өлкөсүнө «оор мезгилде» 1,5 миллиард доллар насыя берет;
  • Беларусия орустардан коронавирус вакцинасын алган биринчи өлкө болот;
  • Лукашенко Путинге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, «дос кыйынчылыкта билинери, ал постсоветтик республикаларга үлгү болушу керектиги» тууралуу сөз сүйлөдү;
  • Лукашенконун айтымында, Орусия — Беларустун чоң бир тууганы. Бирок НАТО беларустар менен эсептешпейт жана чек арада «курал-жарактарын тартуулайт», ошондуктан аларга жооп кайтаруу керек.

Путин Беларус президентинин конституциялык реформа боюнча убадаларын жылуу маанайда баалаган.

«Сиздин Конституция менен иштөө сунушуңуз жөнүндө билебиз. Менин оюмча, бул логикалык, өз убагында жасалган сунуш», — деди Путин.

Ошол эле учурда ал Беларусиянын жарандары өлкөдөгү кырдаалды тышкы кийлигишүүсүз өз алдынча чечиши керектигин баса белгиледи.

«Биз, албетте, Беларуста эмне болуп жаткандыгын жана ушул шайлоонун айланасындагы ички саясий окуяларды билебиз. Сиз биздин позицияны жакшы билесиз: биз бул кырдаалды тынчтык жолу менен жана диалогдун негизинде чечүү үчүн сырттан эч кандай кысым көрсөтпөстөн, беларусиялыктардын өздөрүн жактайбыз»,- деди орус лидери.

Ошондой эле ал Орусия Беларусияга 1,5 миллиард доллар насыя бөлүп берерин, эки өлкө аскердик кызматташтыкты улантарын жана Беларусия Орусиянын коронавирус вакцинасы даяр болгондо  биринчи болуп аларын убада кылды.

«Орусия ЖККУнун жана Биримдиктин алкагындагы келишимдерге берилген бойдон кала берет жана биз бардык милдеттенмелерибизди аткарабыз. Биз Беларусияга 1,5 миллиард долларлык мамлекеттик насыя берүүнү макулдаштык жана биз аны аткарабыз. Учурда биздин билишибизче, биздин каржы министрлерибиз бул маселе боюнча иштеп жатат. Ошондой эле аскердик кызматташтыгыбызды улантабыз. Беларусия биздин коронавирустук вакцинаны алган биринчи өлкө болот», — деди Путин.

Лукашенко Путинге жана «бардык орусиялыктарга» шайлоодон кийинки мезгилдеги колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусиянын президентине Беларусиядагы окуялар жөнүндө кеңири айтып берүүнү убада кылды.

Ошондой эле Беларусиядагы нааразычылык акцияларынын артында тышкы күчтөр тургандыгын кыйытты.

«Мен сизге Беларусиядагы кырдаал жөнүндө кийинчерээк айтып берем. Ал жактагы кырдаал ММКларда айтылгандай эмес. Биздин адамдар дем алыш күндөрү көчөгө чыгышат, биз Минскинин бир бөлүгүн алардын басышы үчүн ачабыз. Сиз бизди колдоп жатасыз. Ал үчүн жеке мен сизге жана орусиялыктарга ыраазычылыгымды билдирем. Бул Беларусия жана Россия үчүн гана эмес, постсоветтик республикалар үчүн да сабак болду. Бул тууралуу биз Евразия экономикалык бирлигинин отурумунда, биринчи кезекте ЖККУда сүйлөшөбүз жана КМШ алкагында сүйлөшө турган нерселер бар.

Эгер кимдир бирөө Беларусиянын чегинен тышкары жерде колдорун тырмачу болсо, биз да каалаган убакта жасайбыз. Биз Союздук мамлекеттин чек араларында эч кимге куралын тартуу кылууга жол бербейбиз. НАТО биз менен эсептешпейт, каалаган учурда аскердик машыгууларды өткөрө алат. Ошондуктан биз дагы ошондой кылабыз. Ката кетирбешибиз керек. Орусия — биздин чоң бир тууганбыз. Биздин мамлекет жана биздин элдер ар дайым достук мамиледе болушат. Сиздин Беларусиянын чек аралары Союздун чек арасы экендигин көрсөткөнүңүзгө абдан кубанычтамын жана ыраазымын»,- деди Лукашенко.

«Лукашенко — мыйзамдуу президент»

Сүйлөшүүлөрдүн аягында Дмитрий Песков Орусия Беларусиядагы шайлоонун жыйынтыгын жана Александр Лукашенкону өлкөнүн мыйзамдуу президенти экенин тааный тургандыгын айтты.

«Александр Григоревич — Беларусь Республикасынын мыйзамдуу президенти. Ал — мамлекеттер ортосундагы мамилелерде Путинге туш болгон президент. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор дагы бир тууган Беларусия элинин жарандары жана биз алардын бардыгын бирдей баалайбыз. Бирок биз Беларусиядагы өзгөрүүлөр конституциялык процесстерге карама-каршы келбей, укуктук талаада болушун каалайбыз,», -деди Песков.

Песков ошондой эле, Оруссия ар дайым «Беларусиянын экономикасын колдоого  жардам берип келгенин» жана мындан ары да көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Беларусиядагы демонстрациялар

9-августта Беларусияда президенттик шайлоо болуп, анда Александр Лукашенко катары менен алтынчы жолу кайрадан шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясы ал болжол менен 80 пайыз добуш алганын билдирди.

Расмий жыйынтыктар чыгаары менен өлкөдө массалык нааразычылык толкуну башталды. Демонстранттар «шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды» деп, кайрадан шайлоону өткөрүүнү талап кылышты.

Беларусия оппозициясынын көпчүлүк бөлүгү шайлоодо «Светлана Тихановская жеңди» деп ырастаса, калгандары «добуш берүүнүн реалдуу жыйынтыктарын аныктоо мүмкүн болбогондуктан, өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүү керек» деп жатышат.

Светлана Тихановская өзүнүн жолдошу, шайлоо өнөктүгүн баштаган белгилүү блогер Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин президенттикке талапкерлигин койгон.

Беларусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жекшемби күнү нааразычылык акциясында 774 адам кармалган.

Москва дагы эле Лукашенкону мыйзамдуу президент деп эсептейт. Өткөн аптада Песков шайлоодон кийинки үзгүлтүксүз нааразычылыктар бардык беларусиялыктар Лукашенкого каршы дегенди билдирбей турганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM