Биз менен байланышыңыз

Лукашенко коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөй турганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 966 | 0

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөй турганын, анткени оорудан айыккандан кийин антителолору жетиштүү экенин айтты.

Лукашенконун басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы анализдер анын канында антителолор жетиштүү экендигин көрсөттү.

Беларуссиянын лидери буга чейин сасык тумоого каршы вакцина албагандыгы белгиленди.

Лукашенко Беларуссиядагы коронавируска байланыштуу кырдаал көзөмөлдө экендигин билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө оорунун жугушу бир жарым эсеге көбөйөт деп күтүлүп жаткан, бирок бул баа туура эмес болуп чыкты.

Илдетке чалдыккан адамдардын санын бирдей деңгээлде кармоо республикага вакциналардын жетиштүү санын чыгарууга мүмкүндүк берди.

Copyright © 2017 Maral FM