Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жапаров менен Путин Сочиде жолугат

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 808 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Орусиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы байланыштарга өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушууда ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, анын ичинде Орусиянын вакциналарын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылууда.

Бул сапар үстүбүздөгү жылдын 10-майындагы Кыргызстан менен Орусиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды өөрчүтүү максатында болмокчу.

Copyright © 2017 Maral FM