Биз менен байланышыңыз

«Союзмультфильм» киностудиясы Сочи эс алуу багына кинотеатр ачат

«Союзмультфильм» киностудиясы Сочи эс алуу багына кинотеатр ачат. Бул маалымат тууралуу эс алуу жайдын басма сөз кызматы ТАССка билдирди.

«Кинотеатрдагы алгачкы көрсөтүүлөр июндун орто ченинде, легендарлуу «Союзмультфильм» киностудиясынын 85 жылдык мааракеси күнү башталат. Кичинекейлер үчүн «Сениби,шашпа!», «Чуч-Мяуч» сериалы, «Тордогу зебра», «Күрөң уй», «Простоквашино» жана башка легендарлуу киностудиянын мультфильмдери көрсөтүлөт. Кичи тасмалар  саат 11:00дөн 21:00гө чейин болот».

Бул кинотеатр жай мезгилинде гана иштейт. Күн сайын аниматорлор мультфильмдеги каармандарынын костюмун кийип, ачылыш аземине катышат.

Сочи эс алуу багы — Европадагы эң мыкты деп саналган 25 парктын катарына кирет. Анын аянты 28 гектарды түзөт, анда 24 аттракцион, балдар борборлору, дельфинарий, зоопарк жана башка объектилер бар.

Copyright © 2017 Maral FM