Биз менен байланышыңыз

Беларусиядагы нааразычылык: Лукашенко менен Путин Сочиде жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 439 | 0

Бүгүн, 14- сентябрда Беларусиядагы Бресцкий полигонунда Беларусия менен Орусиянын аскерлери «Славян бир туугандар» аталышындагы биргелешкен машыгууларды башташат. Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 14-25-сентябрь аралыгында өтө турган машыгууларга эки өлкөнүн сегиз жүздөн ашуун аскер кызматкерлери жана жүз жетимишке жакын аскердик техника катышат.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги машыгуу терроризмге каршы темаларда өткөрүлүп жатканын жана башка өлкөлөргө каршы багытталбаганын билдирген.

Ошондой эле бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин Сочиде Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен жолугушат. «Документтерге кол коюу да, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен пресс конференция өткөрүү да пландалбаганын» бир күн мурун президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирген болчу.

Ошол эле учурда, ал «иш сапар — өзгөчө Беларусия башынан өткөрүп жаткан күндөрдү эске алганда маанилүү» деп белгиледи.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Путин менен Лукашенконун Сочидеги сүйлөшүүсүндө Орусия-Беларусиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланат.

Беларусияда 9-августтан, Александр Лукашенконун кайрадан президент болуп шайлануусунан бери,  нааразычылык акциялары токтобой келет. Кечээ, 13-сентябрда да «Баатырлардын маршы» болуп,  Беларусияда тынымсыз жүрүп келе жаткан президенттик шайлоонун бурмаланышына каршы нааразычылык акцияларынын 36-күнү болуп калды.

Copyright © 2017 Maral FM