Биз менен байланышыңыз

Путин менен Лукашенконун сүйлөшүүсү беш жарым саатка созулду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 1725 | 0

Кечээ, 7-декабрда Сочиде Беларусия президенти Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү болуп, сүйлөшүү беш жарым саатка созулду. Бул тууралуу “Ъ” билдирди.

Жолугушуунун алгачкы эки саатында орус-беларус өкмөтүнүн делегациялары менен сүйлөшүүлөр болуп өттү. Андан соң сүйлөшүүлөр жабык түрдө өтүп, үч сааттан ашык эки президент сүйлөштү. Түштөн кийин эки өлкөнүн башчылары маселелерди талкуулоо үчүн жалпы столго келишти.

Сүйлөшүүлөргө мамлекет башчыларынан сырткары, эки өлкөнүн Өкмөт башчылары Дмитрий Медведев жана Сергей Румас жана өкмөт өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги темасы экономикалык интеграциянын планын макулдашуу болгон. Жолугушуунун алдында Минск шаарында Орусия менен интеграция келишимине каршы нааразычылык акциялары болуп өткөн.

Эки президенттин кийинки жолугушуусу 20-декабрда Санкт-Петербургда уланат.

Copyright © 2017 Maral FM