Биз менен байланышыңыз

Макрон Путинге телефон чалды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 509 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Оруиянын лидери Владимир Путинге телефон чалды. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматта тараптар Тоолуу Карабак жаңжалын талкуулаганы айтылат.

Сүйлөшүүдө тараптар Тоолуу Карабактагы жаңжалга тынчсыздануусун билдиришти. Эки президент тең кеңири куралдуу жаңжалды токтотууга чакырып, жаңжал дипломатиялык жол менен гана чечилерин белгилешти.

Макрон менен Путин ЕККУнун Минск тобунун мүчөлөрүнүн (Орусия, Франция жана АКШ) Тоолуу Карабакта ок атууну токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган кайрылуусун жиберүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Орусия менен Франциянын лидерлери Беларуссиядагы президенттик шайлоону дагы талкуулашты.

Путиндин айтымында, Орусия Беларуссиянын мыйзамдуу өкмөтүн колдойт жана кырдаалга чет элдик кийлигишүүнү актабайт.

Эске салсак, Тоолуу Карабакта армян жана азербайжан аскерлеринин ортосунда куралдуу кагылышуулар 27-сентябрдан бери болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM