Биз менен байланышыңыз

Черногория 130 өлкөгө чек араларын ачты 

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 512 | 0

Черногория 1-июндан тарта карантинсиз өлкөгө кире турган мамлекеттердин тизмесин жарыялады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, коронавирусту жуктурган адамдардын саны 100 миң калкка 25 кишиден ашпаган өлкөлөрдөн кирүүгө уруксат берилген.

Коронавирустун жайылуу ылдамдыгы жана Черногориядагы жаңы учурлардын саны кыйла азайган.

1-июндан тарта Черногорияга Европа Бирлиги, Африка, Латын Америкасы, Кытай жана башка өлөлөрдөн туристтер келе алат.

Май айынын аягында Черногория Европада биринчи болуп коронавируска чалдыккан жарандарын айыктырды жана 20 күндүн ичинде жаңы учурлар катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM