Биз менен байланышыңыз

Токталиев: Түркия менен Дубайга турлар уюштурулуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Авг 2020 | 828 | 0

Учурда Түркия менен Дубайга турлар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу «Travel Shop» туристтик агенттигинин директору Талант Токталиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу турлардын баасы өсүп кетти. Маселен, мурда Түркияга эң арзан тур 300-350$ болсо, азыр нарк бир жарым эсеге кымбаттады.

Авиакаттамдар туруктуу иштей баштаган соң экскурсиялык, арзан турлар жандантылат. Себеби турпакеттин наркы аба каттамдын баасына жараша болот. Августтун соңуна чейин арзан баадагы билеттер калган эмес

20-августта «Avia Traffic» компаниясы чартердик каттам менен Анталияга учат. 21-августта Turkish Airlines да бир чартердик рейс пландап жатат. Анткени Анталиядан келе тургандар көп болууда.

«Түркияда туристтерден ПЦР-аналыз талап кылбай эле өлкөгө киргизип жатат. Ал эми БАЭ кирүү татаал, 96 күн мурун ПЦР-тест тапшырып, таза чыкса учууга уруксат берилүүдө. Дубайдан да акысыз тест алынууда. Андан соң телефонго туристтин маршрутун карап тура турган тиркеме жүктөшөт. Бул жарандарга бир аз ыңгайсыздык жаратууда. Ага карабай билет сатылууда», — дейт Токталиев.

Ал белгилегендей, кошумча аба каттамдары иштей баштаса, учак билеттеринин жана турпакеттердин баасы арзандайт.

Copyright © 2017 Maral FM