Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 206-маршрутканын ордуна «Шыдыр жол KGнин» автобустары каттайт

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 1062 | 0

Мурас Ордо конушуна каттаган №206 маршуттук такси линиядан алынып, ордуна №41 автобус киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын мындай чечим кабыл алуусуна аталган конуштун тургундарынын №206 маршруттун ишине канааттанбаганы жана «Жазада-Транс» ишканасынын өз милдеттерин аткарбаганы себеп болгон. Ошол себептен Бишкек транспорт башкармалыгы компания менен келишимин токтоткон.

Маршруттук каттамдын алынышына байланыштуу ордуна «Шыдыр жол KG» компаниясына таандык №41 автобустар үч айлык сыноо мөөнөт менен линияга чыгарылган.

Айта кетсек, «Шыдыр жол KG» компаниясын аты учурда парламенттик шайлоо боюнча катуу талкууга алынып жаткан Токтобүбү Оргалча жубайы Нурсланбек Балтабаев менен биргеликте түптөгөн.

Эске салсак, газ автобус, электр автобустарды алып келүү боюнча түзүлгөн келишимден улам Бишкек мэриясы компания менен чырлашып жүргөн. 

Бул жагдай боюнча «Маралга» материал да жарыяланган. 

Бишкекте 5-каттамдагы автобустар каттабай турат

Бишкек мэриясын убара кылган «Шыдыр Жол KG» убадасын качан аткарат?

Copyright © 2017 Maral FM