Биз менен байланышыңыз

«Бишкекте 12 жылда 400 автобус жарактан чыккан»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Фев 2021 | 1420 | 0

Бишкекте 12 жылда 400 автобус жарактан чыккан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын жол транспорттук инфраструктурасынын башчысы Шаршенбек Алиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, автобустардын колдонуу мөөнөтү 6 жылга эсептелген.

«Техника бүгүн келсе, эртең бузулуп калышы мүмкүн. Завод тарабынан, биздин айдоочулар тарабынан кемчиликтер кетиши ыктымал. Колдонуу мөөнөтү бүткөн автобустар каттамга чыкса да, өзүн актабайт. Кытайдан келген автобустардын көпчүлүгү иштебей калды, жүздөй траспортту жүргүзүүгө болот», — дейт Алиев.

Кошумчалай кетсек, учурда шаарда күнүнө 100 чоң автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Коомдук каттамдын 70%ын маршруттук таксилер аткарат.

Copyright © 2017 Maral FM