Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: «Белес.kg» компаниясынан 10 автобус алып, колдоого даярбыз

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 253 | 0

Автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» компаниясы автобустарын 20 жылга чейин сервистик колдоо менен бермей болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Жунушалиевдин айтымында, муну менен автобустардын колдонуу мөөнөтү узартылат.

«Белес.kg» компаниясы чыгарган автобустардын сертификат маселелери чечилсе, 10 автобусту алып, колдоп берүүгө даярбыз», — деди Жунушалиев.

Бишкек мэриясында 476 автобус бар, анын 402си Кытайдан алынган. Автобустардын кыска убакытта бузулуусунун башкы себеби тейлөө кызматынын жоктугу болгонун мэр кошмчалады.

Copyright © 2017 Maral FM