Биз менен байланышыңыз

Түркиядан Бишкекке 350 автобус алып келинет

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 328 | 0

2021-2022-жылдар аралыгында Түркиядан Бишкекке 300-350 автобус алып келинет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» жоопкерчилиги чектелген коому Түркияда чыгарылган көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Ага ылайык, экологиялык жактан ыңгайлуу 10-12 метрлик автобустардын биринчи партиясы Бишкекке ноябрдын аягына чейин келет. Жалпысынан 300 же 350 автобус алынары пландалууда.

Транспорт эл аралык стандарттарга толук жооп берип, майыптар үчүн да ыңгайлуу шарттар жасалган.

Copyright © 2017 Maral FM