Биз менен байланышыңыз

Ошто күйүп кеткен автобустун ичинде 14 адам болгон

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 971 | 0

Кечээ, 25-апрелде Ош шаарында күйүп кеткен автобустун ичинде 14 жүргүнчү болгон. Бул тууралуу «Turmush» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, автобустун айдоочусу өрттү убагында байкап, ичиндеги жүргүнчүлөрдү сыртка чыгарууга үлгүргөн.

25-апрель күнү болжол менен саат 10:18дер чамасында Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсүндө Ош шаардык мэриясынын муниципалдык авто ишканасынын 13-каттамдагы жүргүнчү ташыган автобусу күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү бөлүмчөсү тарабынан саат 10:26да чектөөгө алынып, 10:42де толугу менен өчүрүлгөн.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүү бөлүмүнөн 6 кызматкер өрттү өчүрүүгө жана куткарууга тартылган.

Автобустун болжолдуу 10 чарчы метр арткы жүргүнчүлөр отуруучу жайы жана кыймылдаткыч тарабы күйгөн.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарындагы автоунаа муниципалдык ишканасына 2016-жылы 30 автобус, 2017-жылы 23 троллейбус келген.

Copyright © 2017 Maral FM