Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жол кире 5 сомго кымбаттады

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 624 | 0

Жалал-Абадда автобустардын жол кире баасы 5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол акысын Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасы жогорулаткан.

Аталган ишкананын жетекчиси күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбаттаганын, автобустар өз чыгымын жаба албай калганын айтып, шаардык кеңештин депутаттарына жол кирени жогорулатып берүү боюнча кайрылган.

Эл өкүлдөрү жогорудагы жагдайларды эске алып, жол акысын 10 сомго көтөрүп беришкен. Ал эми шаардагы мектептердин 1-5-классынын окуучулары үчүн жол кире акысыз бойдон калды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасы 1-сентябрдан баштап каттамга чыга баштайт. Учурда 8 автобус каттамга чыгууга даяр, калган бир нече автобус бузук.

Copyright © 2017 Maral FM