Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддан алгачкы каттам «Ысык-Көл» аэропортуна конду

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 516 | 0

Бүгүн, 1-июлда «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 8 жылдан бери токтоп калган Жалал-Абаддын алгачкы каттамын тосуп алды.

«Тез Жет» авиакомпаниясы RG-85 учагы менен Жалал-Абад — Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 баланы алып келди. Ал эми Тамчы — Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчү учуп кетти.

Авиакомпания каттамды жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.

Copyright © 2017 Maral FM