Биз менен байланышыңыз

Декабрдан тарта Кыргызстан-Орусия аба каттамдары көбөйөт

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 1817 | 0

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда аба каттамдар көбөйөт. Бул тууралуу Москва шаарына жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин талкуулады.

Жапаров Орусияга үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдардын санын жогорулатуу тууралуу кабыл алынган чечими жана «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы түрүндөгү гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин салыктык жана бажылык башкаруу системасын санариптештирүүнү, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда заманбап маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM