Биз менен байланышыңыз

Ош менен Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө түз аба каттамдар ачылат

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 560 | 0

Туристтик мезгилдин башталышына байланыштуу Ысык-Көл облусуна Ош жана Жалал-Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

18-июндан тартып «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош – Тамчы – Ош жана Жалал-Абад – Тамчы – Жалал-Абад туруктуу каттамдарын ачат.

Ош шаарынан каттамдар жумасына 3 ирет: шаршемби, жума, жекшемби күндөрү, ал эми Жалал-Абаддан каттамдар жумасына 2 ирет: дүйшөмбү, бейшемби күндөрү учат.

«Манас» эл аралык аэропорту авиабилет сатуу менен алектенбейт, бааларды көзөмөлдөй албайт. Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржылык маселеге да аралашпайт.

Copyright © 2017 Maral FM