Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө кылмыштуу топтордун шайлоого аралашуусуна күрөшүү иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 688 | 0

Шайлоо процессине уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн кийлигишүүсүнө жана аймакта коомдук-саясий кырдалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган алдын алуу иш-чараларынын алкагында, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топторунун активдүү мүчөлөрү катары турушкан айрым жергиликтүү тургундар ички иштер бөлүмдөрүнө алып келинип, алар менен тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Анда шайлоо процесстерине алардын мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол берилбеси, эгерде ушундай фактылар аныкталса, мыйзам чегинде жоопко тартылары эскертилди.

Copyright © 2017 Maral FM