Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 555 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-март күнү саат 09:33тө Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагынын Май-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM