Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Алтын Балалык» комплексин 1-июнга чейин бүтүрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 497 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Балалык» медициналык-реабилитациялык комплексине барып, курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Комплекс өлкөнүн алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган.

Октябрь айында балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону жарыяланган. Марафондун жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогултулду жана комплекстин курулуш иштерин тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Комплекс 8 блоктон турат, анда төмөнкү бөлүмдөр болушу керек: аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр.

Ошондой эле, комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган.

Поликлиника бөлүмүнүн базасында Инновациялык кардиохирургия борбору ийгиликтүү иштеп жатат, анда кайрымдуулук фонддорунун эсебинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган беш бейтапка бекер операция жасалган.

42 бейтап амбулатордук түрдө кабыл алынды, анын ичинен экөөнө медициналык тез жардам көрсөтүлдү. Борбор зарыл медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул дарылоо жана диагностикалык процедуралардын зарыл комплексин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 10 орундуу балдар соматика бөлүмү ачылды.

Президент Садыр Жапаров курулуш иштерин тездетип, медициналык реабилитациялык комплексти 2022-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүүнү жана пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM