Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө сугат суу тартыштыгы жаралууда

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 426 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сугат суу тартыштыгы жаралууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жети-Өгүз районунун Липенка жана Ырдык айыл өкмөттөрүндө сугат суу тартыштыгы жаралууда. Бүгүн, 26-июнда аталган аймактарга Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев барып, маселени жеринен көрдү.

Анда облус жетекчиси Ырдык айыл өкмөтүнө Каракол суусунан кошумча суу алып келүү маселесин чечип берсе. Липенка айыл өкмөтүнө болсо эски скважиналарды жандандандырып, ишке киргизүүнү жергиликтүү жетекчилерге тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM