Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 11,6 млрд куб метрге чейин көбөйдү

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 552 | 0

Бүгүн, 30-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 60 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 719 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 391 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Copyright © 2017 Maral FM