Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө сууга чөккөн өспүрүм баланы издөө уланууда

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 307 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында көлгө 2006-жылы туулган А.А. аттуу эркек бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн кечээ, 25-июнда саат 16:30да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каракол шаардык бөлүмүнөн 5 куткаруучу, кошумча саат 17:15те Жети-Өгүз райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, саат 20:00гө чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.

Издөө иштери бүгүн, 26-июнь күнү кайра уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM