Биз менен байланышыңыз

Президент жергиликтүү бийликтин ишин баалоодогу негизги критерийлерди атады

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 572 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда жергиликтүү бийликтин ишин баалоодогу негизги критерийлер катары таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу, ирригацияны өнүктүрүү, социалдык объектилерди санариптештирүү, инвестицияларды тартуу, жумуш орундарын түзүүнү атады.

Мындан тышкары, сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында сот, укук коргоо, прокуратура органдарына жардам берип, тиешелүү аракеттерди көрүү керектигин айтты.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жергиликтүү курулуш жана архитектура башкармалыктары, Мамкаттоо кызматтарындагы коррупциялык көрүнүштөргө эл тарабынан нааразылыктар көп болуп жатат. Мындай көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш жүргүзүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы айрым аймактар чет жакта эмгектенип жаткан мекендештердин жиберген акчасына фонддорду түзүп, алардын берген жардамын туура иштерге багыттап жатышканын эске салды.

«Мен чет өлкөлөргө иш сапарларга чыкканда мекендештер менен болгон жолугушууларда алар айылдарына жардам бергилери келгенин, бирок жолун билишпегенин айтышат. Мына ушуларды мобилизация кылышыңар керек. Фонддорду натыйжалуу иштетүү үчүн мекендештерибиз менен түз жана тыгыз байланышта болуу зарыл», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү үчүн керектүү шарттар түзүлгөнүн, эми жергиликтүү бийлик иштеп, изденип, чамдашы керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM