Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 649 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-майда саат 21:22де жер титирөө катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Дархан, Оргочор, Кабак, Богатыровка, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекмат, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айылдарында жана Түп районунун Михайловка, Тогуз-Булак айылдарында 4 балл, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Теплоключенка, Маман, Тегизчил, Нововознесеновка айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM