Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 611 | 0

«Калкты таза суу менен камсыз кылуу — менин президенттик ишмердүүлүгүмдүн артыкчылыктуу багыты», — деп белгиледи президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылын суу өткөрүү системасы менен камсыздоочу суу топтоочу жайдын курулушуна капсула салуу иш-чарасында. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарында калкты таза суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугун белгиледи. Бул максатка республикалык бюджеттен зарыл болгон каражаттар бөлүнүүдө жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары тартылууда.

Айылды суу менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүү долбоору АРИСтин Дүйнөлүк Банк менен биргеликте ишке ашырылып, өлкөнүн калктуу пункттарынын санитардык абалын жакшыртууга багытталган. АРИС жалпысынан 2024-жылга чейин 653 айылдын 117синде таза суу боюнча долбоорду ишке ашырууну көздөөдө.

Сооронбай Жээнбеков республикада ичүүчү суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилерин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM