Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн 5 жылдык планы: Мамлекеттик идеологиядан тышкы карызга чейин

Саясат | 18 Окт 2021 | 942 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров жетектеген жаңы өкмөт кызматка киришип, Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду. 10 бөлүмдөн жана 90 беттен турган улуттук программанын башкы максатына жарандардын жашоосун жакшыртуу, кризиске каршы чараларды иштеп чыгуу жана өнүгүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына ийгиликтүү жетишүү коюлган. Алдыда ушул программанын экономикага байланыштуу айрым бөлүмдөрүнө токтолобуз.

«2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы» өлкөнүн кайсы тарапка багыт алганынын көрсөткүчү болуп саналат. Аталган программанын алкагында Өкмөттүн деңгээлинде да программалар жазылып, тиркелет. Андан башка да агенттиктердин жана министрликтердин деңгээлинде программалар менен бекемделет. Программанын дагы бир өзгөчөлүгү анда эгемендик алгандан берки башкы көйгөй катары мамлекеттик идеологиянын жоктугу айтылып, рухий деградация саясатына жол берилгени жазылган. Ошондой эле өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу тараптары катары туризм, кен казуу жана жеңил өнөр жай тармактары көрсөтүлгөн.

Программалар канчалык жакшы жазылбасын, аткарылбай, ишке ашпай келгенин серепчи Темир Ажыкулов белгиледи.

«Улуттук программа болгондон кийин жалпы мамлекеттик «машина» ошол багытта жүрүп кетиши керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай эмес. 10-15 жылдан бери ушул тармакта ишкерлердин укугун коргоп аралашып жүрөбүз. Өлкөнүн өнүгүүсүндө жеке сектордун маанилүүлүгү, аны күчтөндүрүү керектиги дайыма айтылып келет. Бул программада да аны тастыктап, аябай белгилеп кетиптир. Пироритеттер деп төрт-беш багыт айтылыптыр. Ачык айтканда, программада сонун сөздөр жазылган, бирок программаны аткаруу деңгээлине түшкөндө, министрликтер, агенттиктер жана башка мекемелер, укук коргоо органдары болсун, бул такыр иштебейт. Буга чейин да иштеген эмес, азыр да иштебейт деп ойлойм. Себеби, биз демилге көтөрүп чыгып талкуулаганда, салык кызматы болсун, экономика министри болсун, таптакыр башка дүйнөдө жашагандай сезилет. Премьер-министрдин, президенттин деңгээлинде жыйын өткөргөндө, ишкерлердин атынан чыгып сүйлөгөнүбүздө башкача кабыл алышат. «Силердики туура, силер азаматсыңар, ишкерлер болбосо, Кыргызстан өнүкпөйбүз» деп айтышат. Кыргызстандын киреше булагынын 70-80%ы ишкерлердин салыгынан турат. Тилекке каршы, ушул түшүнүк биздин аткаруу деңгээлине дагы деле түшө элек». 

Ал эми серепчи Нурбек Муктар  мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган программалардын ишке ашпай келгенинин негизи эки себебин атады.

«Кеп өнүктүрүү программасынын кандай жазылганында эмес, аны жазуу үчүн аябай акылдуу болуунун кереги деле жок. Интернеттен бир өлкөнүн өнүктүрүү долбоорун издеп таап, өлкөлөрдүн атын алмаштырып койсо болот. Ойго эмне келсе, ошонун баары жазылган аябай жакшы программа. Негизи суроо: жазылган программаны аткара алабы-жокпу? Мурдагы президенттердин программалары эмне үчүн ишке ашкан эмес, биринчиден, аларда эрк болгон эмес. А азыркыларда эрк барбы? Бул өзүнчө маселе да. Мисалга ала турган болсок, былтыр «мекенчилдер»: «Кыргызстанда бир ууч чиновник энергосекторунан 100 млн долларларды уурдап отурат, биз бийликке келсек, бир мыйзам жаздык, ошол мыйзам менен мамлекеттик бюджетке түшүрөбүз», — дешкен болчу. Тилекке каршы, мына ошол «мекенчилдер» азыр бийликте, бирок ошол мыйзамы кана? 100 млн доллар бюджетке түшкөн жок да?! «Мына ошол чиновниктердин ордуна өздөрү келип алып, ошол акчаларды өздөрүнүн чөнтөгүнө түшүрүп жаткан жокпу?» — деген суроо пайда болууда. «Эмнеге ошол мыйзам күчүнө кирген жок, бул бийлик да убадаларын ишке ашыра алабы, эрк көрсөтө алабы?» деген өзүнчө чоң суроо. 

Экинчиден, кадрлар. Анткени булардын кадрлары деле элди мокотуп-кекетип жатат. Бул бийликтин келгенине бир жыл болду, бирок бир жыл аралыгында эч нерсе кылган деле жок. Кеп — мыйзамда эмес, кеп — кадрларда. Кадрлары канчалык компотенттүү, жазылган программаны канчалык аткара алат? Кадрдык кризис бар бизде, кадрлар бардык маселени чечип, ишке ашырат. Кадрлар бул программаны сүйрөп кете алабы, негизги маселе ушул».

Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүүнү көздөйт:

  1. ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5% деңгээлде камсыз кылуу;
  2.  ИДӨнү калктын жан башына алганда кеминде 1 500 долларга жеткирүү;
  3. жумушсуздуктун деңгээлин 5%га чейин төмөндөтүү;
  4. тикелей чет элдик инвестициялардын ар жылдык келүүсүн кеминде ИДӨнүн 13% өлчөмүнө жеткирүү;
  5. мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДӨнүн 60%дан көп эмес деңгээлинде сактоо;
  6. адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 5 позицияга жакшыртуу;
  7. глобалдык атаандаштык индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу;
  8. калктын жакырчылыгын 20%га, анын ичинде балдардын жакырчылыгын 25%га чейин төмөндөтүү;
  9. Жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү;
  10. өлкөнү электрондук өкмөттү өнүктүрүү индекси боюнча алдыңкы 60 өлкөнүн катарына киргизүү;
  11. парник газдарын чыгарууну 17%га кыскартуу;
  12. коррупцияны кабылдоо индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу.

Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында ички дүң өндүрүмдү (ИДӨ) калктын жан башына алганда кеминде 1 500 долларга жеткирүү мерчемделген. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанда ИДӨ жан башына 1 323 долларды түзгөн. Ал эми 2020-жылы 1 224 долларды түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң төмөн деп белгиленген. Акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстанда ИДӨнүн өсүшү 4%ды түзгөн болсо, 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы ИДӨнүн 8,6%га төмөндөгөн кризисине дуушар болуп, соңку жыйырма жылдагы өтө начар көрсөткүчкө жеткен.

Темир Ажыкулов ИДӨнү калктын жан башына алганда кеминде 1 500 долларга жеткирүү үчүн рынокту либералдаштыруу керектигин, азыркы экономикалык көрсөткүчтөр менен жакынкы 5 жылда эмес, 10 жылда жетүүгө мүмкүн эместигин белгиледи.

«Биз эң чоң көйгөй көмүскө экономика экенин айтып жатабыз. Көмүскө экономика 30-40% деп айтылат, бирок менин оюмча, 50-60% болсо керек. Көмүскө экономиканы биз кантип сыртка алып чыгабыз, аны алып чыгуу үчүн мыйзамдар керек. Ал үчүн салык кодекси, фискализацияны киргизип, тез арада санариптештирүү керек. Орто жана чакан ишканаларга салыктардан жеңилдетип, бир эле салык кылып коюуну сунуштап келе жатабыз. Ар бир министрликтин деңгээлинде жеке секторлор менен биргеликте жазылган сонун программалар бар. Аларда кодекстерге, мыйзамдарга сонун өзгөртүүлөр берилген. Бизнестин, жеке сектордун атынан 10 жылдап сунуш берип келе жатабыз. Бул жерде маселе президентте эмес, ар бир мекеменин деңгээлинде иштин жүрбөй калганы. Тилекке каршы, бизде президенттер келип кете берет, бирок аткаруу деңгээлиндеги ортоңку катмар өзгөргөн жок. Булар эч нерсенин өзгөрүшүн калашпайт».

Программада мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДӨнүн 60%дан көп эмес деңгээлинде сактоо да негизги максаттардын бири катары каралган. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыздын өлчөмү ИДӨгө карата 54,087%ды түзгөн. Мамлекеттик карыз 2020-жылдын мартында 60,197%га чейин өсүп, учурда 4,93 млрд АКШ долларын түзөт. Бардык карыздардын дээрлик 84%ы эл аралык уюмдар менен чет мамлекеттерден алган карыздар болуп, жарымы Кытайга туура келет. Соңку бир нече жылда тышкы карыз өсүп, 2020-жылы ИДӨгө карата 58,3%ды түзгөн. Тышкы карызды тейлөө үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 9,4%ын же ИДӨнүн 2,7%ын түзөт. 2023-2025-жылдары тышкы карыздарды төлөө башталат.

2020-жылы соода дефицити 1,7 млрд долларды же ИДӨнүн 22%ын түздү. 2020-жылы көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу 939 млн доллар өлчөмүндө түз чет элдик инвестициялардын кетүүсү байкалса, быйыл 400 млн долларга жакын инвестиция чыккканы айтылууда.

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын төрагасы, экономист Искендер Шаршеев тышкы карыздан кутулуу үчүн бюджеттик профоцитти жаратуу, башкача айтканда, бюжеттик чыгымдарды кыскартуу керек деп эсептейт.

«Кыргызстанда эң чоң бюджеттик коротуулар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, башкача айтканда, бюджеттен каржыланган кызматкерлерге жумшалат. Кыйыр салыкты бүтүндөй кыргызстандык төлөйт, түз алганда 1,1 млн калк салык төлөйт. Мына ошол бюджеттен каржылангандарга Грузиядагыдай реформа жасоо керек. Канада 1980-жылдары тышкы карызы өсүп кетип, аны азайтуу үчүн көп мамлекеттерде болгон, социалдык деп эсептелген кызматтарды базарлаштырып, мамлекеттик чыгымдарды аябай кыскарткан. Ал чыгымдар кыскаргандан кийин кандайдыр бир профицит пайда болгон, ошол акчаны тышкы карызды жапканга жиберген. Андан сырткары Грузияда да ошондой реформа жасалган. Постсоветтик өлкөлөрдө эң чоң түйшүк — билим берүү жана ден соолук. Ал эми биздин Конституцияда сөзсүз мамлекет тарабынан камсыздандырылышы керек. Бирок башка тез өнүкөн өлкөлөрдө бул социалдык тармакты мамлекеттин карамагынан чыгарып, жеке секторго берет. Азыркы күндө медицина төлөнгөн эле жеке бизнес болуп калды. Баарын мамлекет камсыздабай калды. Мамлекет билим берүү жана медицина тармагында ачык монополияда да. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкер салыктан салык төлөйт жана кошумча баалуулукту жаратпайт. Эгерде мамлекеттик кызматкерлер экономикалык карым-катышка кирсе (кеминде 1 млн адам), анда алар экономикага жардам бере башташат. Салыктын саны өсүп, мамлекеттин чыгымдары азаят. Ошону менен бир топ акча бошойт. Аны менен 10-15 жылда сырткы карызды жабууга мүмкүнчүлүк пайда болот».  

Серепчилер карыздан кутулуу үчүн сырттан карыз албай, инвестициялар менен иштөөгө жол алуу керектигин белгилеп келишет. COVID-19дун жана 2020-жылдын октябрындагы саясий толкундоолордун кесепети бизнеске жана инвестициялык чөйрөгө тийди. Айрыкча кен казуу, курулуш, кесиптик, илимий жана техникалык иш секторлорунда кесепеттери байкалууда.

Бизнес жүргүзүүнүн коопсуздугу боюнча маселелер чечилбегендиктен, жагымсыз бизнес чөйрө түзүлүүдө. Дүйнөлүк банктын 2019-жылдагы «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргыз Республикасы 190 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM