Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздүн прокурорунун орун басары парага шектелип кармалды

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 645 | 0

Ысык-Көлдө жарандын кылмыш ишин жабуу максатта пара алууга шектелип Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары А.Н.К. кармалды. Окуя кечээ катталганын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бүгүн билдирди. Бул иште ортомчулук кылды деп шектелип райондук милициянын тергөөчүсү Б.Э.Б. да колго түшкөн.

Маалыматка ылайык Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында райондун прокурорунун орун басары А.Н.К. милициянын тергөөчүсү Б.Э.Б. менен алдын ала сүйлөшүп алып, Э.А. аттуу жарандын кылмыш ишин жабуу максатында 100 (жүз миң) сом өлчөмүндө пара талап кылып, анын 60 миң сомун алган.

Алган акчаны арыз ээсине кайтарып берип жаткан учурда райондун прокурорунун орун басары А.Н.К. кармалды. Шектүүнү Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы менен Башкы прокуратуранын ички коопсуздук жана кызматтык иликтөө бөлүмү биргеликте колго түшүргөн.

Сотко чейин өндүрүш материалдары Кылмыш кодексинин 326 пара талап кылуу беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM