Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө жер көчкү жүрүп сарайдын дубалын бузуп кетти (сүрөт)

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 619 | 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл аймагында 23-май күнү саат 16:00 чамасында Чоң-Кызыл-Суу айылында тоо этегинен өткөн суу каналынан суу тынымсыз агып, жээктеги жер кыртышына сиңип отуруп, көлөмү 480 чарчы метр болгон жер көчкү жүрүп, Мамбетакунов көчөсүндө жайгашкан сарайдын дубалын бузуп кеткен, жабыркагандар жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине Жети-Өгүз райондук №36 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, айыл аймактан 7 кызматкер, 1 экскаватор, 1 Камаз, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жана техникалардын жардамы менен жер көчкү толук тазаланган.

Copyright © 2017 Maral FM