Биз менен байланышыңыз

Ак-Сай айылындагы турагынан ажыраган жарандарга мобилдик үйлөр тигилип жатат

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 459 | 0

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чатагында үйү талкаланган 9 бүлөгө Кызыл Ай коому мобилдик үй жана чатыр тигип берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эвакуацияланган жергиликтүү тургундарды Баткен шаарынан турукташкан үйлөрүнө жеткирүү иштерин баштады. Турак-жайы талкалагангандарга ӨКМ тарабынан убактылуу чатыр тигилип берилет.

Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактан улам 40 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга көчүлүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM