Биз менен байланышыңыз

Аксыда жер көчкү коркунучу жаралды

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1089 | 0

30-март күнү Аксы районунун Жүзүм-Жан айылында жер жарылганы байкалып, жакын жайгашкан 9 үйгө коптуу абал жаралууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери, Аксы районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

30-март күнү жогорудагы 9 үйдүн жашоочулары берилген атайын эскертмелердин жана Жарандык коргонуу комиссиясынын түзүлгөн протоколунун негизинде коопсуз жайга көчүрүлгөн.

31-март күнү түзүлгөн коммисия жеринде тактоо иштерин жүргүзгөн. Бүгүн 1-апрелде да аталган иштер улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM