Биз менен байланышыңыз

Бишкекке газ менен жүрүүчү 210 жаңы автобус алынып келинди

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 1109 | 0

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкекке газ менен жүрүүчү 210 жаңы автобус алынып келинди. Аны борбордук «Ала-Тоо» аянтында презентациясы болуп, экологияга зыянсыз экендиги айтылды. Андан соң автобустар каттамга чыгышты.

Мэрия калааны коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында «Эко Пассажирские перевозки» ишканасы менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага ылайык, компания жыл аягына чейин Өзбекстандын «СамАвто» ишканасы чыгарган япон үлгүсүндөгү 350 ISUZU автобустарын алып келет. Андан кийин өнөктөш компания келишим боюнча 2022-2023-жылдары газ менен жүргөн 9, 10, 12 метрлик 1000дей автобус алмакчы

Буга чейин 2021-2022-жылдар аралыгында Түркиядан Бишкекке 300-350 автобус алып келинери айтылган.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» жоопкерчилиги чектелген коому Түркияда чыгарылган көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюшуп, ага ылайык, экологиялык жактан ыңгайлуу 10-12 метрлик автобустардын биринчи партиясы Бишкекке ноябрдын аягына чейин келе турганы белгилүү. Жалпысынан 300 же 350 автобус алынары пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM