Биз менен байланышыңыз

Ошто жүргүнчүлөрдү ташыган автобус өрттөнүп кетти

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 541 | 0

Ошто жүргүнчүлөрдү ташыган автобус өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Кечээ, 25-апрелде болжол менен саат 10:18дер чамасында Ош шаарындагы Гапар-Айтиев көчөсүндө Ош шаардык мэриясынын муниципалдык авто ишканасынын 13-каттамдагы жүргүнчү ташыган автобусу күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү бөлүмчөсү тарабынан саат 10:26да чектөөгө алынып, 10:42де толугу менен өчүрүлгөн.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүү бөлүмүнөн 6 кызматкер өрттү өчүрүүгө жана куткарууга тартылган.

Автобустун болжолдуу 10 чарчы метр арткы жүргүнчүлөр отуруучу жайы жана кыймылдаткыч тарабы күйгөн. Эч ким жабыркагандар жок.

Материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM