Биз менен байланышыңыз

Түлеев: Мэр болсом, Бишкекке 1500 автобус алып келем

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Апр 2021 | 2098 | 0

Бишкек шаарынын экс-мэри, «Ак бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев «Маралга» берген маегинде шайлоодон утуп чыкса, борбор калаага жаңы 1500 автобус алып келүүгө убада берди.

«Жеке ишкерлерге 2-3 ай убакыт берем. Эгерде алар автобус алып келбесе, анда 1500 автобус алып келебиз да, тургундарды тартабыз. Коомдук транспорт мамлекеттин карамагында болушу керек. Мен убагында таза автобустарды алып келгем. Буларга кийинки мэрлер Кулматов, Өмүркулов жооп бериши керек. Мен кызматтан кеткенден бери бир да автобус келе элек», — деди Түлеев.

Copyright © 2017 Maral FM