Биз менен байланышыңыз

«Бишкек троллейбустун» техникалык кызматкерлерине бирдиктүү форма таратылды

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 628 | 0

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын техникалык кызматкерлери жаңы комбинезондуу болушту.

Техникалык кызматкерлердин коопсуз иштеши үчүн 160 комплект коргоочу кийим, бут кийим жана коопсуздук жилети буюртма менен алынган.

Бирдиктүү форма электр тармагынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган энергетиктерге жана кабелдик операторлоруна, ошондой эле №1, №2 автобазанын техникалык кызматкерлери: слесарларга, инженерлерге, электриктерге жана механиктерге берилди.

Кийимдерди тигүүдө өтө бышык, жогорку температурадагы ысыктан, эриген металлдын чачырандысынан коргой алган, ток өткөрбөй турган касиетке ээ кездеме колдонулган.

Белгилей кетсек, башкармалыкта 10 цех бар, анда 30 техникалык адис иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM