Биз менен байланышыңыз

«Мэрия маршруттук компаниялар ортосунда ачык конкурс өткөрүшү керек»

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 632 | 0

Бишкек бийлиги маршруттук компаниялар ортосунда ачык конкурс өткөрүшү керек. Бул тармак кирешелүү. Ошондуктан бир топ жылдан бери соттошуп жүрүшөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маршруттук таксилердин айдоочулары өз укуктарын коргой албай, болбогон жактарга акча төгүп келүүдө.

Айдоочулар жана компаниялар элдин абалын көрүп туруп, кыштын суугунда иш таштап, жол акысын көтөрүүнү талап кылуусу туура эмес.

«Мындай маселелерди кат аркылуу, мыйзам жолунда гана чечүү керек», — дейт Аматов.

Copyright © 2017 Maral FM