Биз менен байланышыңыз

«Жол кире маселеси — компаниялар менен мэриянын тиреши»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2021 | 1092 | 0

Маршруттук таксилердеги жол кире маселеси компаниялар менен мэриянын тиреши, аны ачык айтуу керек. Бул тууралуу Рысбай Аматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маршруттук таксилер боюнча жобонун айдоочуларга тиешеси жок. Андыктан айдоочулар аркылуу башаламандык кылуунун кереги жок.

«Мен 5 жылдан бери какшап айтып келем. 2013-жылы Бишкек шаардык кеңешинин маршруттук таксилердин ишмердүүлүгү боюнча жобосуна ылайык,  компаниялар жаңы унаалары менен конкурска ачык катышышы керек. Компаниялар андан баш тартып, шаардык кеңештин чечимин сотко берген. Ошол тиреш азыр да уланып келет. Бул тиреш — жасалма. Шаардык транспорт башкармалыгы конкурс өткөрсө болмок. Аны өткөрүшпөгөнүнүн себеби компаниялар менен келишип алган же жасалма тирешүү бар», — дейт Аматов.

Ал белгилегендей, жөнөкөй айдоочу унааны жаңыртуу, ыңгайлуу шарт түзүү боюнча жоопкер эмес, ал милдеттерди компания аткарышы керек. Ассоциациялардын айдоочуларды пайдалануусу туура эмес. Компаниялар тийиштүү шартты түзүшү кажет.

Copyright © 2017 Maral FM