Биз менен байланышыңыз

«Ош» базары айып пул менен иреттелеби?

Коом | 21 Июн 2019 | 836 | 0

Бишкектеги «Ош» базардын соодагерлери жергиликтүү бийликке нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар: «Базардын айланасында мыйзамсыз иш алып баргандар көп болсо да, бийлик алардын ишин көрмөксөнгө салып, күчүн карапайым калктан гана чыгарат», — дешет. Ал эми Ленин райондук акимиаты: «Башаламан соода кылгандарды чектеп, Бишкекти иретке келтириш керек», — деген позицияны карманууда.

Кечээ 20-июнда Ленин райондук акимиаты тарабынан Бишкектеги «Ош» базардын тегерегиндеги башаламан сооданы жок кылуу үчүн атайын текшерүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында товарды арабага жайып алып жол жээгинде соода кылгандарга тыюу салынган.

Бирок соодагерлер аталган райондун акимиатына нааразы. Алардын бири Кандил Мукумова мыйзамсыз соода кылгандардын бардыгына бирдей мамиле жасоону талап кылды.

— Бизди кубалап жаткандар адилеттүү иш алып барышы керек. Мен Киев-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде соода кылам. Бизге кечээ аким жана алардын балдары келип турбагыла деп болгон чараларды көрүштү. Бирок ошол эле учурда мыйзамсыз соода кылгандарга тийишкен жок. Мындай болбойт да. Баарыбыздын укугубуз бирдей. Ушул нерсеге көңүл бурушубуз керек.

Дагы бир соодагер Нуржан базардын тегерегине мыйзамсыз курулуш куруп, мамлекетке бир сом төкпөгөндөр арбын экенин айтып чыкты. Акимдин жана алардын жардамчыларынын чөнтөгүнө акча «кыстара» коюп, көп жылдан бери соода кылып жүргөндөрдүн ысымдарын атап берди.

— «Сары Өзөн» соода борбору чектеген жеринен чыгып кеткен. Ишенбесеңер, барып көрүп келгиле. Анын алдында өзүлөрүнүн соодагерлери отурат. Эмнеге аларды көрүшпөйт? Эң кызыгы, аталган борбор мамлекетке бир сом да бербейт. Бардыгы тааныш-билиш менен эле иштеп жатышат. Депутат Кожобек Рыспаевдин да мекемелери бар. Жолго чейин чыгып кеткен. Аларды неге байкашпайт?

Соодагерлерге жүргүзүлгөн текшерүүнү чагылдырган журналисттерди акимиат сатып алган. Мындай оюн 16 жылдан бери «Ош» базарында эмгектенип келе жаткан Роза Сулайманова айтат.

— Башкача журналисттер келген экен. Бир гана акимдин сөзүн угуп, алдын ала даярдалган суроолорго гана жооп берип жатты. Бирок ошол эле учурда, биздин үндү ким угат? Балдарыбызды багалы деп, таң эрте келип, кечинде кетип жүрөбүз го? Мамлекеттен бир сом сураганым жок. Беш балам бар. Окутам, кийинтем, күнүмдүк иштер менен гана алекмин. Айла жок. Өз алдыбызча оокат кылалы десек да, ага мүмкүнчүлүк бербей жатышат.

Базардын тегерегиндеги башаламан сооданы жок кылуу учурунда атын атагысы келбеген соодагерге 3000 сом айып пул салынган. «Адамды эмес, малды сүйрөгөндөй мамиле жасап, бүткүл тууган-туушканыма уят кылды», — дейт соодагер.

— Кечээ балам менен тең балдар келип, мени сүйрөп, арабамды ыргытышты. Бардыгын журналисттер тартып, телевидениеге кетти. Балдарым, туугандарым жана тааныштарымдын бардыгы көрүптүр. Кыздарым ыйлап жатат. Мындай кадамга баруунун кереги жок эле. Уялбай айып пул салышты. Бирок протокол түздүргөн жокмун.

Мыйзамсыз жерде соода кылгандар, мамлекетке бир сом төлөбөй көнүп калышкан. Мындай пикирди Ленин районунун акиминин орун басары Чынасыл Чыныбаев билдирди. Анын айтымында, «Ош» базарда жайгашкан бардык соода дүкөндөрү мыйзамга жооп берет. Ошол эле учурда жол боюнда араба менен соода кылгандарга базардын ичинен мыйзамдуу жерлер сунушталган. Бирок көчөдөн саткандын «кынуусун» алгандар ал жакка барбай жатышат.

— Мыйзамсыз соода кылгандардын айтымында, мен алардан акча алам, жардамчыларым жаман мамиле жасашат имиш. Жок. Мен так кесе айта алам, алардан бир да тыйын алган эмесмин. Жардамчыларыма да айтып келем. Бул кызматка келгениме 7 айдын жүзү болду. Ушундай иштердин катталганы катталган. Текшерүү боюнча айтсам, биз сатуучуларга буга чейин деле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз, бирок уккулары келбейт. Себеби, мамлекетке салык төкпөй эле, болгон кирешени өзүлөрү алгысы келет.

Шаардык Кеңештин депутаты Рысбай Аматов: «Ош» базарды толугу менен шаардын чекесине көчүрүш керек», — деп эсептейт. Ошондо гана көйгөйлөр чечилип, борбордун тегерек-чекеси иреттүү көрүнүп каларын айтат.

— Бул маселени биз да бир канча жолу көтөрүп чыкканбыз. Бирок чечилбей эле келе жатат. Мен бир эле нерсени айткым келет, «Ош» базарды борбордун сыртына көчүрүү аракетин көрүшүбүз керек.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө «Ош» базардын тегерегинде мыйзамсыз соода кылгандарга тыюу салуу бүтө элек. Эгерде мыйзам бузгандар катталса, ар бир арабага 3000 сом айып салынат.

Copyright © 2017 Maral FM