Биз менен байланышыңыз

Май куюучу жайлар өрткө себеп болууда

Коом | 12 Июн 2019 | 657 | 0

Кыргызстанда жыл сайын 3 миңден 5 миңге чейин өрт кырсыгы катталат. Мындай маалыматты Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрттү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, өрттүн көпчүлүгү күйүүчү май сатуучу жайлардан чыгат. Себеби, алардын дээрлик 70 %ы талапка жооп бербейт. Мунун негизинде аталган жайлар дыкат текшерилип, айрымдарына айып пул салынган.

— 2018-жылдын жыйынтыгы менен өлкө аймагындагы 900дөн ашык май куюучу жай аныкталып, алардын айрымдарына 300дөн ашык пункттан турган эскертүү берилген. Биздин каалаган убакта барып текшерүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Экономика министри менен биргеликте, 10 күн мурун айтып, анан барабыз. Ооба, бардыгы талапка жооп берет дегенден алысмын. Арасында мыйзам бузгандары да бар. Аларга чара көрүлүп, айып пулдар салынып жатат.

Бишкектеги май куюучу жайлардын көбү талапка жооп бербейт. Мындай пикирин Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Рысбай Аматов билдирди. Ал: «Май куюучу жайларды борбордун чекесине, эл аз жерлерге көчүрүү керек», — деп, буларды кошумчалады:

— Бишкектеги май куюучу жайлардын дээрлик 90 %ы талапка жооп бере албайт. Алсак, А. Сыдыков менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишиндеги жана Н. Исанов менен Т.Сатылганов көчөсүнүнүн кесилишиндеги май куюучу жайлардын коопсуздугу такыр каралган эмес. Борбордо, эл көп жашаган, иштеген аймактарда май куюучу жайлар болбошу керек. Себеби, өтө кооптуу.

Кыргызстанда өрт кырсыгы быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 20 %га азайган. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова берди. Мындан тышкары, учурда өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

— Өлкөдө 5 ай ичинде 1148 өрт кырсыгы катталган. Адистердин айтымында, өрт көбүнчө электр жабдууларын туура эмес колдонгондон келип чыгат. Мындан улам, мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 223 млн. сомго жеткен.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы мыйзам бузуулардан түшкөн айып пулдун негизинде мамлекеттин казынасына 180 млн. сомго жакын акча которгон. Бул маалыматты инспекциянын директорунун орун басары Шайлообек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын биринчи кварталында эле 7718 арыз келип түшкөн, учурда билдирүүлөрдүн негизинде иштер жүрүп жатат.

— 2018-жылы түшкөн арыздардын негизинде иштер толугу менен аткарылды. Алсак, 25 миң 960 арыз келип түшкөнү маалым болуп, анын негизинде иш алып бардык. Ал эми 2019-жылдын биринчи кварталында 7718 арыз келип түштү. Учурда толук кандуу териштирүү иштери жүрүп, келген арыздар каралып, текшерилип жатат.

Кошумчалай кетсек, адистердин айтымында, эреже боюнча шаардагы май куюучу жайлар калктуу пункттан эң аз элүү метр алыс жайгашышы керек. Бирок 2000-жылдары бул жобо өзгөртүлүп, аралык 25 метрге кыскартылган. Учурда Кыргызстанда 940ка жакын май куюучу жай бар.

Copyright © 2017 Maral FM