Биз менен байланышыңыз

ӨКМ кеңешчисинин пара алып кармалды деген маалымат боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 814 | 0

«Азаттык» радиосунун «Болжолдуу маалыматтарда министрдин жардамчысынын жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда» деген маалыматы боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова  билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уран иштетүү иш-чараларына тиешеси жок, ал эми 2019-жылы уран калдыктарын рекультивациялоо жумуштарына тендер өткөрүлгөн эмес, ошондой эле, уран боюнча тендерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмес, «РОС АТОМ» өткөрөт.

Уран калдыктарына байланыштуу тендер 2017-жылдан бери өткөрүлө элек. Нурбек Жолборсов Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы эмес, кеңешчиси болуп эмгектенет. Ушул жылдын 1 –июлунан тарта эмгек өргүүгө чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM